Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

КОШ ЫҢКЫЛАП: АЙЫРМАСЫ, ОКШОШТУГУ


Грузия менен Украинадан башталган ыңкылап соңунда Кыргызстанда кайталанды. Бирок мындай пикирге кошулбагандар деле биртоп. Айрым саясатчылар чогулган элдин жаалынан корккон А. Акаев кызматын таштап качып кеткенден кийин бош орунду оппозиция ээлеп калды деп эсептешет. Минтишке жаңы бийликтен ыңкылап баштоочуларынын аз-аздан сүрүлүп чыга башташы да себеп болду окшойт.

24-мартта Бишкектин чартарабынан сүрүлүп келген көпчүлүк алдында К. Бакиев сөз сүйлөгөн эле. Анда чогулган көпчүлүк эми аны укпастыгын айтып, мындан ары жагдай кайсы жагына оой турганын биле албай арасат турганын жашырган эмес:

- Эми мен сезип турам. Буяктагылар мени укпайт. Мына биз бүгүн жөнеле тынч митинг өткөрүп, ушул жерге келип, президент А. Акаевге өзүбүздүн талабыбызды айтабыз деп келген болчубуз. Мындай ой жок эле, ушундай болот деген ой жок эле.

Ары-бери сүрүлгөн көпчүлүк бир убакта заңгыраган Акүйдү карай жайпап берди да, А. Акаев 7-кабаттагы жайлуу кабинетин таштап Орусияга качып кеткени кечинде белгилүү болду. Ошентип оппозиция ойдо жок жерден бийликке жетип, мурда өзү сындап келген режимдин мамлекетти башкаруу түйшүгүн мойнуна илди. Аны белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков мындайча сыпаттайт:

- Эми муну ыңкылап деп атабыз, төңкөрүш деп атабыз. Бул өзү ыңкылап деле, төңкөрүш деле эмес. Бул элдин, элдин бир бөлүгүнүн көтөрүлүшү болду. Ошондой болуп кетерин билбеген президент өлкөнү, куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы болуп туруп баарын таштап, элди тагдырын эмне болсо ошо болсун деп кетип калды да, жаңы бийлик келип ошол бош орундарга отуруп калды.

Украина менен Кыргызстандагы бийлик алмашуусунун ортосундагы баамга биринчи урунган айырмачылык мына ушул. Украинада президент шайлоонун жыйынтыгына ичи чыкпаган көпчүлүк жумалап, айлап нааразылык билдирип пикетте турушкан. Өлкөнүн Жогорку соту, парламенти шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, талаштуу маселени мыйзам негизинде чечүү аргасын издешкен.

Кыргызстандагы жагдай Украинадан кыйла айырмалуу болчу. Парламент шайлоодогу толгон-токой мыйзам бузуулар сот тарабынан акыйкат баасын алалбаганы шайлоочулардын нааразылыгын күчөтүп, бийлик менен элдин тирешүүсү 24-мартта Өкмөт үйүн алуу менен жыйынтыкталды. Дегинкиси Кыргызстандагы элдик ыңкылап Украинадагы жибек ыңкылаптан кыйла эле айырмалуу экени буга чейин көп эле айтылып, жазылып келди.

Маалымдоо каражаттарында жакындан бери Украина Кыргызстан окшоштугу тууралуу дагы айтыла баштады. Антишке Украин президенти Виктор Ющенконун өкмөт башчы Юлия Тимошенкону, Кыргызстанда президент Курманбек Бакиевдин Башкы прокурор Азимбек Бекназаровду кызматтан кетирүүсү себеп болду окшойт.

- Бул жерде бизди, революция менен келген саясатчыларды президенттин штабын уюштурган саясатчылар тобу бүгүн жеңип, сүрүп чыгарып келатышат. Учурда коомчулук, адамдар эң ири чарба субъекттеринин ээсин алмаштыруунун радикалдуу жолуна түшүүдө. Украинада завод талашып өкмөт отставкага кетсе бизде андай завод жок, бизде базар талашуу болуп жатат, дейт Азимбек Бекназаров.

Азимбек Бекназаров көпчүлүккө элдик ыңкылаптын башында тургандардын бири, бийликке келгенден кийин коррупцияга каршы күрөшүүчү катары дайын болчу. Ыңкылаптын ысык-суугун бирге тартышып келген өнөктөшүн кызматтан алуу өзү үчүн оңойго турбаганын президент К. Бакиев парламент жыйынында билдирди:

- Азимбек Бекназаровду бошотуш мен үчүн деле оңой болгон жок. Ойлобогула, отуруп алып эле жарлыкка кол коюп койду деп. Ал иним менен ысык-суукта бирге жүрдүм. Бирге кандай кыйынчылыктарды тарттык. Бирок мен комиссиянын жыйынтыгына, комиссияга ишенбешке эч кандай укугум жок.

Ыңкылап башчыларынын баары эле жаңы бийликке жага бербесин «Агым» гезитинин саясий баяндамачысы Алым Токтомушев жазып чыкты. Автордун ырасташынча, А. Бекназаров кыргыз ыңкылабынын атасы болчу. Украин ыңкылабынын жандуу демилгечиси Юлия Тимошенко менчикти кайра бөлүштүрүүгө кызыкдар болушунун эсесин тартып кызматы менен коштошту. Европа Биримдигине кошулуу ниетин билдирип келаткан Украина үчүн бул маселе өзгөчө маанилүү. Айрым адистердин айтымында, Кыргызстанда мындай аракет азыр күчүндө. Аны Карасуу шаарындагы «Туратали» базарынын айланасындагы окуялар деле ачык көрсөтүүдө.
XS
SM
MD
LG