Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Нарында өлкөдөгү акыркы саясий окуяларга байланыштуу митинг өттү


НАРЫН. Нарын шаарында өткөн митингге жыйырмага чукул адам чогулду. Бул митингдин демилгечиси Кыргызстандын коммунисттер партиясынын Нарын облусундагы аткаруу комитетинин төрагасы Муса Алыбаевдин айтымында, митингге айылдардан элдер келе албай калышты. Митингдин максаты - президент Курманбек Бакиевди колдоо, бардык элди ага иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакыруу. Ал эми чогулгандардын басымдуу бөлүгү баш прокурорлуктан алынган Азимбек Бекназаровду колдой тургандыктарын билдиришти. Ортонур айылынан келген Догдурбек Өмүралиевдин пикиринде, сөз болуп жаткан жумушчу комиссия Азимбек Бекназаровду жумуштан алуу үчүн эле түзүлгөндөй. Баш прокурордун жумуш убактысынан кийин кызматынан алынышы мыйзамсыз, ал акаевчылардын куйругун басты деп баалады. Чогулгандарга облустук администрациядан, шаар бийлигинен өкүлдөр чыгып жолугушту.

XS
SM
MD
LG