Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Өзбек бозгунуна байланыштуу дагы бир сот иши каралат


БИШКЕК. 30-сентябрда Бишкек район аралык сотунда май айындагы Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга ооп келген өзбек атууларынын бирине качкын макамын берүү боюнча «Адилет» укук коргоо уюмунун арызы каралат. Буга чейин дагы эки өзбек атуулуна Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти тарабынан качкын макамы берилсин деген «Адилет» уюмунун арызы каралып, сот тарабынан канааттандырылган. Сот миграция департаментинде эки өзбек бозгунуна качкын макамын берүү маселеси кайрадан каралсын деген чечимин чыгарган. 4 өзбек бозгуну учурда Оштогу убактылуу кармоо жайында отурат. Буга чейин 400дөн ашуун өзбек качкыны Кыргызстандан Европа өлкөлөрүнө өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG