Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Журналист профсоюз уюмдарынын жетекчилерин сотко берди


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотуна абройун, ар намысын жана ишкердүүлүгүн коргоо багытында тармактык профсоюздук комитеттердин 24 жетекчисин сот жообуна тартуу үчүн арыз жолдогондугун “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков 23-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Ага үстүбүздөгү жылдын 30-августунда “МСН” гезитине “Кому на руку дискридитация профсоюзов?” деген кайрылуу макала себеп болду. Макалада “журналист Өмүрзаковду чындык үчүн күрөшпөй акча үчүн макалаларды жазып, профсоюз федерациясын жоюуга аракет кылган бирөөлөрдүн колундагы куурчак” деп жазылган. Ага тармактык профсоюздук уюмдардын 24 жетекчиси кол койгон. Ал эми Ырысбек Өмүрзаковдун айтымында, профсоюз федерациясына социалдык камсыздоо тарабынан бөлүнгөн акчаларды жана профсоюздун мүлкү таланып-тонолуп жаткан фактыларды журналисттик изилдөөдө далилдеген.

XS
SM
MD
LG