Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Президент бир нече жарлыкка кол койду


БИШКЕК. 23-сентябрдагы президент Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Малик Иманкулов президенттин иш алып баруучусунун орун басарынын кызматынан бошотулду. Ошондой эле Президентке караштуу мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору Үсөн Асанов Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасынын кызматынан бошотулду. Ал эми Ысыккөл облусунун Аксуу районун акиминин милдетин аткаруучу Мукаш Мамбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Өлкө башчысынын ушул эле күнкү жарлыгы менен Амангелди Кенжетаев маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттигинин төрагасы болуп дайындалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG