Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Каракол тергөө абагындагы Досумбай Дүйшалиев ачкачылык жарыялады


БИШКЕК. Каракол тергөө абагындагы айыпталуучу Досумбай Дүйшалиев сот иши акыйкат чечилбегенине байланыштуу нааразылык билдирип,19-сентябрдан бери ачкачылык жарыялады жана оозун ийне-жип менен тигип алып, наар албай отурат. Бул тууралуу анын уулу Жаангер Дүйшалиев 23-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Дүйшалиевдин ачкачылык жарыялаганын Каракол тергөө абагынын нөөмөт кызматынан да тастыкташты. Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ынтымак” кооперативинин мурдагы жетекчиси Досумбай Дүйшалиев Кылмыш жаза кодексинин 169-беренеси менен 15 жылга күчөтүлгөн мөөнөткө эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG