Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Азимбек Бекназаровдун өмүрүнө коркунуч келтирилүүдө


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы баш прокурору Азимбек Бекназаровдун өмүрүнө коркунуч келтирилип жатканы тууралуу ага чет өлкөлөрдөн маалыматтар түшүүдө. Бул тууралуу ал «Агым» гезитинин 23-сентябрдагы санына берген маегинде билдирген. Экс-баш прокурор ошондой эле Карасуу базарына байланыштуу чыр-чатактын артында кимдер тургандыгын, аны ким уюштургандыгы жөнүндө да жакында жарыялай тургандыгын айткан. Бекназаров белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик бийлик органдары менен кылмыш чөйрөсү аралашып кетти, айрым жерлерде кылмыш чөйрөсү мамлекеттик структуралардын кемчиликтерин көрүп-билип туруп жетелеп алган. Мындай пикирин 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып, президент Курманбек Бакиев да билдирген.

XS
SM
MD
LG