Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Орусиянын Башкы прокуратурасы Ходорковскийдин адвокаттарын адвокаттык статустан ажыратууну көздөөдө


Абакта отурган мурдагы олигарх Михаил Ходорковскийдин сегиз адвокатын адвокаттык статустан ажыратуу өтүнүчү Башкы прокуратура өлкөнүн юстиция министрлигине жолдогон катта айтылган. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наталья Вишнякованын билдиргенине караганда, буга алар адвокаттар тобунун башчысы Генрих Падва ооруп жаткан учурда айыпкерди коргоодон баш тартканы жүйөө боло алат:

- Өз катында Башкы прокуратура сот акыйкаттыгына каршы келген бир нече конкреттүү мисалдарды келтирет. Мыйзам адвокаттар өзүнүн тикелей милдетин аткаруудан баш тартууга жол бербейт.

Мунун алдында Орусиянын бийликтери Михаил Ходорковскийдин чет өлкөлүк адвокаты Роберт Амстредамдын визасын жокко чыгарып, ага өлкөдөн 24 сааттын ичинде чыгып кетүүнү буюруду. Канаданын жараны Роберт Амстредамдын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, ал мындай көрсөтмөнү өткөн түнү анын мейманканадагы бөлмөсүнө келген ФСБнын офицерлеринен алган. Бүгүн ошондой эле Орусиянын жаза өтөө мекемесинин өкүлдөрү Ходорковский эми он күндүн аралыгында Москвадан сырткары аймакка, түрмөгө которуларын билдирди. Кечээ Москванын шардык соту мурдагы олигархтын аппелляциялык арызын карап, райондук сот ага берген 9 жылдык түрмө жазасын 8 жылга түшүргөн эле.

XS
SM
MD
LG