Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

БУЙРУТМА АДАМ ӨЛТҮРҮҮ КОШТОГОН МҮЛК ТАЛАШТЫН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Март ыңкылабынан кийин эле өлкөдө белгисиз бирөөлөрдүн тапшырмасы менен мамлекеттик деңгээлде беш жолу адам өлтүрүү болду. Кыргызстандын тартип коргоо органдары тарабынан мындай кылмыштуулуктун биринин да бети ачылган жок. Коомчулукта болсо эмне үчүн мындай кылмыштуулуктар ачылбайт, мындай кылмыштуулуктун артында ким турат, эмне үчүн соңку мезгилдери кылмыштуулуктун саны барган сайын өсүүдө деген суроолор көбөйүүдө.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан бери өлкөдө кылмыштуулуктун саны мурдагыга караганда кыскарган жок. Март ыңкылабынан кийин белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов өз үйүндө атып өлтүрүлдү. Андан көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди чак түштө, жан сакчыларынын көзүнчө атып кетишти. Бир нече күн илгери Фергана өрөөнүндөгү эң ири Карасуу базарынын башчысы Абдалим Жунусов жана анын айдоочусу Санжар Абдиев кимдир бирөөлөрдүн аткан огунан каза болушту. Бул боюнча тиешелүү министрликтер тарабынан дароо кылмыш иши козголгондугу жарыяланды, бирок андай иликтөөлөрдөн эч натыйжа чыкпай келет.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев мындай адам өлтүрүүлөрдүн себебин Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы отурумунда соңку жылдары өлкөдө тартип коргоо орган өкүлдөрү кылмыштуу дүйнө менен биригип кеткендиги менен байланыштырып түшүндүрдү:

- Укук коргоо орган кызматкерлери менен кылмышкерлер биригишип кетишкен. Бул кечээ болгон эмес, бул мурдагы күнү болгон эмес, бул соңку бир нече жылдан бери жүргүзүлгөн саясаттын жыйынтыгы.

Мамлекет башчысынын мындай түшүндүрмөсү коомчулукта эмне үчүн президент жогорудагыдай маалыматты билип туруп кескин чараларды көрбөйт, канткенде мындай кылмыштуулуктардын бетин ачууга болот деген кошумча суроолорду жаратты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирине караганда, соңку мезгилдеги адам өлтүрүүлөр март ыңкылабынан кийинки Аскар Акаевдин мезгилинде бөлүштүрүлгөн менчиктерди мыйзамсыз, кылмыштуу жол менен кайрадан бөлүштүрүүдөн улам болууда. Буга мисал катары алар “Каракече” көмүр кениндеги окуяны, «Карасуу» базарындагы кандуу талаш-тартышты келтиришет.

Ошол эле мезгилде Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мындай менчик бөлүштүрүүлөр президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыковдун түздөн-түз кийлигишүүсүнүн артында болуп жаткандыгын парламент трибунасынан бир нече курдай айткандыгы коомчулуктун эсинде. Ал эми бул тууралуу депутат Кубатбек Байболов мындай дейт:

- Бул жерде саясат, кылмыштуу талаш-тартыштын элементтери эң башкысы - бул жерде менчикти кылмыштуу бөлүштүрүү турат. Ал түгүл мындай иштерди бийликтин айрым өкүлдөрү түздөн-түз уюштуруп жаткандыгы айтылып жатат.

Депутаттардын мындай айыптоосун президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыков мындайча четке кагат:

- Ал келжиреген сөз. Түшкө чейин бир, түштөн кийин бир сүйлөгөн депутаттардын сөзү. Аны далилдеп берсин, эгерде ошондой болсо.

Ал эми эмне үчүн Кыргызстандын бийлиги соңку мезгилдери болгон жогорудагыдай кылмыштуулуктун бетин ачпайт? - деген суроого Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов мындайча жооп берди:

- Бул маселени биз жакында Коопсуздук кеңешине алып чыгышыбыз керек. Бул маселени тереңирээк карап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Ошентип туруп бир мамлекеттик деңгээлде чара көрүшүбүз зарыл.

Коопсуздук кеңеш катчысынын айтканына караганда, өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөшү маселеси жакын арада мамлекет башчысынын катышуусунда өткөрүлө турган Коопсуздук кеңешинде талкууланат. Андан кандай жыйынтык болоорун убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG