Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Президент Курманбек Бакиев 23-сентябрда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Конституциялык кеңешме ишин баштаарын билдирди. Кеңешме ишин кандай шартта баштайт, мурунку долбоордун тагдыры жана бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктары кандай бөлүштүрүлүш керек?

Март ыңкылабынан кийин Жогорку Кеңештин демилгеси менен түзүлгөн Конституциялык кеңешме 114 мүчөдөн туруп, анын жарымы бийлик органдарынан, калган жарымы атуулдук коомдун өкүлдөрүнөн болгон. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жетегинде кеңешме Конституциянын долбоорун иштеп чыккан. Президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Текебаев Конституциялык кеңешменин төрагалыгын президент Курманбек Бакиевге өткөрүп берген.

Президент Бакиев 23-сентябрда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Конституциялык кеңешме жакында ишин кайрадан баштайт деп билдирген. Бул тууралуу жолугушууга катышкан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов буларды билдирди:

- Президент Конституциялык кеңешмени өкмөттүн курамы бекитилгенден кийин эле баштайбыз деп убада берди.

Маалыматка караганда, Конституциялык кеңешменин курамы 114төн 200 кишиге жеткирилет. Бул кеңешменин ишине көптөгөн партия, уюмдардын катышууга кызыгуусуна байланыштуу болууда.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаевдын айтымында, курамы өзгөртүлгөн Конституциялык кеңешме жаңы долбоорду иштеп чыгууга аракеттенет. Бул үчүн азыр сунуштар топтолууда дейт Нарынбаев:

- Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, депутаттар өздөрү президентке сунуштарын берип жатат, азыркы Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорго өзгөртүү киргизүү тууралуу. Биз аларды топтоп жатабыз.Конституциялык кеңешменин курамы бир аз өзгөрөт эмеспи. Ошондо ошол жерде Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн оюн угуп, андан кийин президент жалпы элдик талкууга жаңы долбоорду чыгарат деген ойдобуз.

Данияр Нарынбаевдын пикиринде, жаңы долбоор 2003-жылдагы Конституциядан кескин өзгөчөлөнбөйт. Анткени ал Конституцияда бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоонун элементтери жетишээрлик бар. Өкмөт башчысынын ыйгарым-укуктары аз дегенге да болбойт.

Бирок Данияр Нарынбаев менен макул болбогон тараптар да жок эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев премьер-министрдин ыйгарым-укуктары такталып, күчөтүлүш керек деген пикирде:

- Парламенттин ыйгарым укуктары абдан эле жогору. Баары бар. Бирок өкмөт, өкмөт башчысы боюнча кемчиликтер бар. Биз ошону негизги фактор катары койгонбуз. Өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык, коопсуздукка жооп берген орган. Ошондуктан ага тийиштүү эркиндиктер берилиш керек.

Бирок өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу системасы кала бериш керек. Ал биздин шартта сындан өткөн система, деп кошумчалады Темир Сариев.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев азыртан баштап эле Кыргызстан парламенттик башкарууга өтө баштоосу керек деген оюн билдирди. Анын айтымында, учурда кызыккан тараптар менен бул багытта иштер жүрүп, долбоор иштелип чыгууда. Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу Алиев буларга токтолду:

- Негизги өзөктүү жерлери, биз демократиялык коомду куралы деген басым жасалууда. Андан кийин республика кандай жол менен барыш керек. Биз парламенттик-президенттик республика болуп туруп, андан кийин парламенттик республикага өтөлү дегендер арбын болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG