Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Баткендеги алтын кенин иштетүүгө Австралиянын компаниясы кызыкдар


БИШКЕК. Учурда аталган өлкөнүн “General Asia Gold Ltd” компаниясы Баткендин Алтын жылга деген жериндеги алтындын корун изилдөөгө киришти. Буга дейре аталган компаниянын өкүлдөрү облус бийлиги менен жолугушуп, алтын кенин өздөштүрүү маселелерин талкуулап чыгышкан. Мындай маалымат 24-сентябрда облус губеранторунун басма сөз катчысы Жеңиш Айдаровдон алынды. Буга чейинки изилдөөлөргө караганда, Алтын жылгада 10 миң тоннадан ашык алтындын, мындан сырткары 6 миллиард тоннадай аллюминийдин запасы бар.

Аталган кенди 90-жылдардын этегинде жапан кенчилери өздөштүрүү аракетин көрө башташкан. Бирок 1999-жылдагы Баткен коогасынан улам алар ишин токтотууга мажбур болушкан. Ошол жылы Баткенге кол салган куралчан топ бул жерде иштеп жаткан жапан кенчилерин барымтага алып кетишип, бир канча айдан кийин бошотушкан.

XS
SM
MD
LG