Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Конституциянын долбоору парламентке келерки жылы сунушталышы ыктымал


БИШКЕК. Мындай божомолун президенттин Жогорку Кенештеги өкүлү Данияр Нарынбаев билдирди. Мыйзамды толук иштеп чыгып, элдин калың катмарына жеткирүү жараяны ушунча убакытты камтышы мүмкүн. Ал эми Конституциялык реформанын экинчи этабы өкмөттүн түзүмү бекигенден кийин башталат. Буга байланышкан пикирин Конституциялык кеңешмеге төрагалык кылуу милдетин жаңы өткөрүп алган президент Курманбек Бакиев жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Президентке төрагалыкты өткөрүп берүү чечимин Жогорку Кеңеш 1-сентябрда кабыл алган. Март ыңкылабынан кийин түзүлгөн Конституциялык кеңешмени буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев башкарып келген. Жаңы жетекчи ишин кеңешменин курамын кеңейтүүдөн баштаары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG