Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Дагы эки округда шайлоо болот


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда №8-Түндүк жана №20-Аксы шайлоо чөлкөмдөрүнөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссияларын түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул туралуу ушул эле күнү БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган округдар боюнча парламентке депутат шайлоо ушул жылдын 27-ноябрына белгиленген. №20-Аксы шайлоо округунан мурда шайланган депутат Азимбек Бекназаров Башкы прокурор болуп дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык мандатын өткөрүп берген эле. Ал эми №8-Түндүк шайлоо округунан шайланган депутат Жыргалбек Сурабалдиев Бишкек шаарында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Мындан үч күн мурда Жогорку Кеңеш дагы бир депутатынан ажыраганы белгилүү. Киши колдуу болуп каза тапкан Баяман Эркинбаев өткөн парламенттик шайлоодо №16-Кадамжай шайлоо чөлкөмүнөн шайлоочулардын 95 пайыздан ашык добушу менен депутаттыкка шайланган. Шайлоо кодексине ылайык, президент бошогон депутаттык орун үчүн кайра шайлоо өткөрүүнү эки ай ичинде дайындашы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG