Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Айдар Акаев Орусиядан баш калка сурайбы?


БИШКЕК. Учурда ата-энеси менен кошо Москвада жашап жаткан экс-президенттин уулу Айдар Акаев Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордуктан алынышына эч кандай тиешеси жоктугун айтып, аны бийликтеги ырк бузулуу жана Бекназаров өз алдынча саясий оюн жүргүзүп, президенттин айланасындагы айрым адамдар үчүн ыңгайсыз болуп калганы менен байланыштырды. Бул тууралуу ал “Московский комсомолец” гезитинин жума күнкү санына жарыяланган маегинде билдирген. Айдар Акаев ошондой эле өзүнө байланышкан иш түрмөгө жана Орусиядан баш калка суроого жетпесине үмүттөнөөрүн, Кыргызстандын жаңы бийлиги экс-президенттин үй-бүлөсүнөн эч кимисинин өлкөгө кайтып келишин каалабастыгын, өзүнө коюлуп жаткан айыптар саясий гана мүнөзгө ээ экенин айтып, качандыр бир кезде Кыргызстанга кайтып келээрин билдирген.

Апта башында Жогорку Кеңеш Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестиктен ажыраткан. Ушул эле күнү кечинде президент Азимбек Бекназаровду башкы прокурордуктан четтеткен жардыкка кол койгон. Айрым саясатчылар муну Айдар Акаевдин иши менен байланыштырышкан.

XS
SM
MD
LG