Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

«Аксы коому» Бекназаров башкы прокурордукка кайра келиши зарыл деп эсептейт


БИШКЕК. Азимбек Бекназаровду башкы прокурордукка кайра коюу талабын койгон кайрылууну жума күнү 500 кишинин атынан «Аксы коому» таратты. 9 демилгечи кол койгон бул кайрылуу президент Курманбек Бакиевдин, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жана эл аралык коомчулуктун дарегине жолдонгон. Анда Бекназаровду кызматтан алууга негиз берген мамлекеттик комиссияны президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков мыйзамсыз түзгөн деп айтылат. Демилгечилердин белгилегендерине караганда, Бекназаров март окуясынан кийин коррупцияга жана кылмыш дүйнөсүнө каршы айоосуз күрөшүп келген. Ошондуктан, кайрылуунун авторлору Азимбек Бекназаровдун өмүрүнө коркунуч барын эскертип, ага жан сакчы берүүнү, Жогорку Кеңеште Азимбек Бекназаровдун буга чейинки иши боюнча отчетун угууну талап кылышкан. Ал эми президент Курманбек Бакиев 22-сентябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Бекназаровду кызматтан алууга мамлекеттик комиссиянын тыянагы негиз бергендигин билдирген. Президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков болсо мамлекеттик комиссиянын түзүлүлүшүн мыйзамсыз деген дооматтарды четке каккан.

Жалалабаддан алынган маалыматка караганда, 24-сентябрда Азимбек Бекназаровду коргоо комитети президент Курманбек Бакиевдин 28-сентябрга чейин Аксыга келип кетишин суранган жаңы кайрылуу кабыл алды.

XS
SM
MD
LG