Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

АКШ шаарларында Ирак согушуна каршы демонстрациялар өтөт


Бүгүн Вашингтондо Ирактагы согушка каршы демонстрация өтөт. Акциянын уюштуруучулары жыйынга 100 миңдей адам чыгаарын болжошууда. Нааразылык чарасынын жетекчилеринин бири Синди Шехан айымдын уулу былтыр Иракта окко учкан. Шехан айым жайында президент Буштун Техастагы ранчосунун сыртына чатыр тигип алып, 25 күн бою отурган. Максаты - Буш менен жолугушуп, аскерлерди Ирактан чыгарууну талап кылуу болгон. Ушундай эле демонстрация бүгүн Сан Францискодо, Лос Анжелесте жана Сиэтлде да өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG