Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

АКШнын түштүгүн “Рита” ураганы басты


“Рита” ураганы Кошмо Штаттардын түштүгүндөгү Техас жана Луизиана штаттарына жетти. Саатына 200 чакырым ылдамдык менен жылган ураганды катуу жаан коштой келди. Бороон-чапкыттын алдында 500 чакырымдык жээкте жашаган 2 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап, чыгып кетишти. Адистер урагандын кубатын мурда айтылгандан экиге төмөндөтүп, 3 баллга баалашты. Кечээ Техаста кары адамдарды ташып бараткан автомашине күйүп кетип, 24 адам мерт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG