Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

«РИТА» АКШнын ТҮШТҮК ЖЭЭГИНЕ ЖЕТТИ


Саатына 200 чакырым ылдамдыкта жылган «Рита» бороону Кошмо Штаттарынын түштүк жээгине келип жетти. Нөшөрлүү бороондон улам, Техас жана Луизиана штаттарынын деңиз деңгээлинен төмөн жаткан жээктери суу алдында калат деп күтүлүүдө. Өткөн айда «Катрина» бороонунан улам суу астында калган Нью-Орлеанда суу тосмолору кайрадан жырылып, шаардагы суунун деңгээли дагы жогорулады.

«Рита» жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4кө чукул жээкке келип урунду. Куюндуу шамал көчө белгилерин жана дарактарды тамыры менен жулуп алып, асманга көтөрүп, кайра жерге урду. Алгачкы эле сааттарда айрым жерлерде үч карыш жаан жаап койду. Техастын Бьюмоң шаарында электр бекеттери жарылышы түнкү асманды улам жарыктандырып жатты. Коңшулаш Галвестондо шамал оюн-зоок шаарчасындагы заңкайган шайтандын дөңгөлөгүн коңторуп таштады.

Суунун деңгээли кайра көтөрүлгөн Нью-Орлеанда Луизиана штатынын акими Катлин Бланко элди дөбөлөргө же бийик имараттардан баш калканч издөөгө үндөдү. Бир эле мезгилде бул ирет өткөндөгүдөй жүз миңдеген кишини эвакуациялоого туура келбейт деген үмүтүн билдирди.

Бийликтер “Ританын” албууттугу “Катеринаныкына” жетпейт деп жатышат, анын үстүнө азыр капсалаң эл сейрек отурукташкан аймактарда орун алууда. “Рита” жакындап келгенде 2 миллиондон ашык киши козголуп, ичкери көздөй качты. “Катеринанын” убагында чапчаң аракеттенген эмес деп сындалган президент Буш бул ирет кырсык аймагына эртерээк барганы жатат.

Ушуну менен, бир айга жетпеген убакта АКШнын мунай өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгү жайгашкан аймак бир айдын ичинде экинчи ирет бороон-чапкынга кабылууда. “Катерина” кырсыгы миллиарддаган доллар чыгашага дуушар кылып, 1 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылган эле. Ал тапта мунайдын баасы баррелине 70 доллардан ашып түшкөн. АКШнын мунай тармагы азыр аймактагы мунай иштетүүчү жайларга “Ританын” канчалык залака келтирээр экен деп жүрөк заада болуп турган чагы.

XS
SM
MD
LG