Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

ОРУСИЯДА ӨЛГӨНДӨРДҮ “ТИРИЛТЕ АЛА ТУРГАН ПАЙГАМБАР” ПАЙДА БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Москва Өткөн аптада Москванын борборундагы мейманканалардын биринде «сыйкырдуу жолугушуу» өттү. Аны өзүн Иса Пайгамбар деп атап, өлгөндөрдү тирилте ала турганын жарыялаган Григорий Грабовой өткөрдү. Жолугушууга 2 миңден ашуун адам катышкан. Бул киши буга чейин деле мындай чоң масштабда беш жолу семинарларды өткөрүп келген экен, бирок анын ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы коомчулукка маалымат дээрлик жеткен эмес. Бул жолу анын аты Орусияда «таш жарып», талаш-тартыштарды жаратышына Беслан трагедиясы учурунда жаш балдарынан айрылган энелердин Грабовойго ишенип, анын окууларынан өтүп жатышканы себеп болду. Өлгөндөрдү тирилте алчу Грабовой деги ким?

Григорий Грабовой – жашы кырк үчтөгү эмчи. Бирок ал өзүн эмчиликтен да жогору коет. Грабовой, мисалы, өзүн Иса Пайгамбар деп атаган жана өлгөндөрдү тирилте ала турганын, адамзатты глобалдык алааматтан сактай ала турганын жана мунун баарын акча үчүн гана жасай турганын жарыя кылды.

Акыл-эси жайында адамдар бул өңдүү «сыйкырчыга» ишенүүгө убактысы жок десеңиз керек? Бирок Грабовойду азыр «шарлатан, алдамчы, көз боемочу» деп атоодон орусиялыктар бир аз кооптонуп турушат. Анткени Грабовойго абийири таза «Беслан энелери» ишенип жатышпайбы!?

Бесландагы былтыркы барымта окуялары учурунда жаш балдарынан айрылган аялдардын «Беслан энелери» комитетинин 15 өкүлү өткөн аптада Москвада болушту. Алар өздөрүнүн сапарынын максатын жөн гана ден соолугун чыңдоо деп түшүндүрүшкөн. Анткени эмчи-домчу «Эгерде жашыруун сырды ачсаңар балдарыңарды тирилте албайм!» деп, талап койгон экен.

Грабовойдун өзүнүн каттоодон өткөн партиясы да бар. «Беслан энелери» Москвага келип, ал партиянын 6-курултайына катышышты. Курултайга эки миңден ашуун адам келген.

Курултайда сүйлөп, «Беслан энелери» комитетинин төрайымы Сусанна Дудиева Григорий Грабовой алардын балдарын тирилтип беришине ишене тургандыгын, бул «Беслан энелеринин» акыркы үмүтү экенин белгилеп өттү. Грабовой «Беслан энелерине» алардын набыт болгон балдарын о дүйнөдөн кайтарып келүүнү былтыры барымта окуясынан кийин эле сунуш кыла баштаган. Ошондон бери ал утуру Бесланга өзүнүн китептерин, кассеталарын жиберип туруптур. Анан балдарын жоготкон энелер күйүттүн азабында Грабовойдун капканына түшкөн болушу мүмкүн дешет орусиялык психологдор.

Ушундан уламбы, өзүн-өзү пайгамбар деп даңазалап, 1 миң еврого жакын акча үчүн адамды тирилте алаарын жарыялап жаткан кишини азыр орусиялыктар каргай албай калышты. Анткени Грабовойду айыптоо «Беслан энелерине» акаарат айтуу менен барабар деп таанылып жатат.

Бирок Грабовой адам тирилтүүдөгү жеке техникасын мүмкүн болгон шылтоолор менен бекемдеп алган. Мисалы, сиз акчаңызды төлөп, курстан өткөнүңүздөн кийин «Сиз жоготкон адамдын жаны дүйнөнүн башка бир бурчунда,башка бир адамдын денесинде жашап жатат», же «Сиз о дүйнөдөн чакырып жаткан адам кайткысы жок!» деп эле айтып коюшу мүмкүн.

Марина Пак – Грабовойдун айткандарына ишенбеген «Беслан энелеринин» бири. Ал 15 аял менен кошо Москвага баруудан баш тарткан.

- «Беслан энелеринин» 15 өкүлүн бул «алдамчы адам тирилткич» менен жолугушууга барышканы үчүн айыптаганга болбойт, анткени алар трагедиядан жапа тартып, айласы түгөнгөн энелер. Аларды эмес, «балдарыңарды тирилтип берем» деп, жалганчылык жол менен акча топтоп жаткан Грабовойду айыпташ керек. Ал кантип Москванын чак ортосунда 2 миң адамды топтоп, «өлгөндөрдү тирилтүү» деген темада семинар өткөргөнү табышмак. Анан эң кызыгы – эмне үчүн азырга чейин бул кишинин ишмердүүлүгүнө өлкөнүн Ички иштер министрлиги да, Коопсуздук кызматы да көз салышкан эмес? Керек болсо, анын каттоодон өткөн уюму да бар экен, - деп айран таң калат «Беслан энелери» комитетинин мүчөсү Марина Пак.

Азыр Грабовойдун ишмердүүлүгүн орусиялык маалымат каражаттары катуу сындап жаткан учур. Биринчи каналда обого чыкчу «Человек и закон» деп аталган берүүдө автор баш прокуратурага Грабовойдун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алыш керек деген кайрылуу менен чыкты.

Аталган «сыйкырчынын» жасап жаткан иштерине «Известия» да бир топ макалаларды арнаган. Басылманын баш редактору Владимир Бородиндин айтымында, «Известия» Грабовой жана ал жасап жаткан иштер жөнүндө былтыры эле жаза баштаган жана башпрокуратурага да кайрылган.

- Анан биз акыркы бир жылдан бери бул жаатта кандайдыр бир иштер, текшерүүлөр болуп жатат ко деп ишенип жүргөн экенбиз. Көрсө эч нерсе өзгөрбөптүр. Грабовой азыр өзүн мурдагыдан да ишенимдүү алып, азырга чейин башка бирөөлөрдүн күйүтүнүн айынан акча иштеп жүрөт. «Беслан энелери» да айласы түгөнгөндөн кийин ага ишенип алышкан окшойт.

Интернетте да Грабовойдун жеке сайты бар. Анда жазылган телефонго өзүм да чалып көрдүм. Мага жооп берген аял көнүп калган адатында шырылдата семинарлардын баасын айта баштады:

- Жеке семинар 39 миң рубль турат (1 миң евронун тегерегинде), ал эми жалпы семинардын баасы 3 миң рубль.

Көпчүлүк орусиялык социопсихологдордун айтымында, Беслан окуялары боюнча иликтөө иштери дурус жүрбөй жаткандыгы теракттан жапа тарткандарды да, коомдун активдүү бөлүгүн да тынчсыздандырып, жоопсуз калтырууда. Жооп жок жерде – түрдүү грабовойлордун саны артат, дешет психологдор. Айрым журналисттер Грабовой менен байланышкан окуяларга Кремль да аралашкан болушу мүмкүн дешүүдө.

Орусияда өзүн «пайгамбармын» деп атаган Григорий Грабовой келерки президенттик шайлоодо президенттикке ат салышаарын да жарыялаган. Орусияда президенттик шайлоо 2008-жылы өтөт.

XS
SM
MD
LG