Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди ким өлтүрдү деген суроо жоопсуз калууда. Анткен менен депутаттын өлүмүнүн артында ким турат деген маселе жеке эле тартип коргоо кызматтарында эмес, коомдук-саясий чөйрөлөрдө да ар кандай божомолдор жаралууда.

Депутат Баяман Эркинбаев көпчүлүктүн оозунда буга чейин кылмыш чөйрөсүндөгү таасирдүү адамдардын катарында аты аталып келген. Айрыкча, март ыңкылабынан кийин болгон Оштогу «Алай» мейманканасындагы атышуулар депутатка сөз тийгизген пикирлерди көбөйтүп ийди. Ал эми Карасуу базарынын башчысы Абдалим Жунусов менен анын айдоочусунун атып өлтүрүлүшүнөн кийин Эркинбаевге кол салыныш ыктымалдыгы ачык эле айтыла баштаган. Ошондон болуу керек, депутат өлгөндөн кийин бир тууган эжеси инисинин өлүмүнө маркум Абдалим Жунусовдун жакын адамдарын айыптады:

- Карасуу шылтоо болду. Менин инимдин дүнүйөсү гана керек болду буларга. Менин инимдин базары гана керек болду.

Карасуудагы эки адамдын жана депутаттын өлүмүн бири-бири менен байланыштыргандар мүлк талаштан келип чыккан өчөштүктүн азабы дешет. Баяман Эркинбаевди баңги соодада калпыстык кетирген жагдайы болсо керек деп болжогондор да жок эмес. Бирок парламенттеги кесиптештери депутатка байланышкан мындай пикирлерге анча ынашпайт. Маселен, депутат Искак Масалиев мындай дейт:

- Ал эми спортсмен бала. Наркотикага эч кандай тиешеси болгон эмес.

Масадиевдин пикирине караганда, депутаттын өлүмүн көп тараптуу изилдөө керек:

- Ар кандай күчтөр жолун тоскон. Мүлкүн тартам деп бир күч, өмүрүнөн ажыратам деп экинчи күч, аракеттерди токтотобуз деп бийлик жагынан үчүнчү тарап болуп атат да.

Эркинбаевдин өлүмүн азыркы бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн биригип кетиши, азыркы бийликти каралоо үчүн мурдагы бийликтин кылганы өңдүү себептер менен байлагандар да бар. Ал эми «Курманжан датка» коомунун төрайымы Жылдыз Жолдошева кылмышкерлердин ич ара эсеп-кысабы катары болжогондорго анча ишенбейт:

- Түштүктө көп орчундуу маселелер бар. Карасуу Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда жайгашкан базар. Ошондуктан, ал жакта да көп маселелер бар. Ошон үчүн бул вариантты да жокко чыгарбаш керек. Албетте кылмыш жак, тиги-бу деп атат. Криминал жак бири-бири менен жөнөкөй элге караганда өздөрүнө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беришет.

Баяман Эркинбаевдин каты деп жарыяланган катта депутат чоң саясаттын курмандыгы катары сыпатталат. Анткен менен, премьер министр Феликс Куловдун парламентте маалымдаганына караганда, Эркинбаев өлөрдөн беш күн мурун өкмөт башчы менен жолугуп, шектенген адамынын атын атаган. Бирок ал ким экендиги ачыктала элек. Ишти териштирип жаткан ички иштер министри Мурат Суталинов: “Азыр көп иштер жүргүзүлүп атат. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мен аны айта албайм”, - дейт. Анын айтымында, оперативдүү издөө уланууда, кылмышкерди табуу милициянын - ар-намысы. Суталинов парламенттин талабы боюнча кызматтан кетип калбагандыгынын бир себебин да ушуну менен байланыштырат.

Анткен менен, март ыңкылабынан бери буюртма жол менен өлтүрүлгөндөрдүн биринин да иши ачыла элек. 2001-жылдан бери ушундай жол менен өлгөндөрдүн саны кыркка чамалап калганын айтышат. Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиевдин пикиринде мындай өңүттөгү киши өлтүрүүлөрдү табуу кыйынга турат. Бирок аларды алдын алууга болот:

- Анын артынан 20 жан сакчы коюп койсон деле киллер деген киллер, табат жолун. Бирок ошол киллерди мурдараак таап туруп, ким заказ берген кишилерди таап туруп, ошолор менен иш кылса сөзсүз укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүгү бар, милдети.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG