Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

ВАШИНГТОНДО ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ ИРИ ДЕМОНСТРАЦИЯ ӨТТҮ


Ишемби күнү Вашингтондо Ирак согушуна каршы 100 миңдей адам катышкан демонстарция өттү. Бул 2,5 жыл мурда Ирак согушу башталгандан бери урушка каршы АКШда өткөн эң чоң акция болду. Байкоочулар 1960-жылдардагы жана 70-жылдардын баш чениндеги Вьетнам согушуна каршы болгон нааразычылык акцияларына негизинен студенттер менен жаштар катышса, ишемби күнкү демонстрацияга түрдүү жаштагы америкалыктар катышканын белгилешти. Ишемби күнү согушту жектеген жүрүштөр Лондондо, Парижде, Сан Францискодо жана Лос Анжелесте да өттү.

Ирак согушуна каршы Ак Үйдүн маңдайында өткөн нааразылык акциясынын катышуучулары америкалык күчтөрдү Ирактан токтоосуз чыгарып кетүүнү талап кылышып, АКШ президенти Жорж Буш менен Бритиянын премьер-министри Тони Блэрдин Ирак саясатын сындашты.

Колорадо жана Техас штаттарында “Рита” ураганына каршы чараларды көзөмөлдөп жүргөн Жорж Буш демонстарция болорун мурда эле билген. Ал бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө согушту адамдар ак дилинен колдобогонун айтып, аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү өлкөнү ого бетер кооптуу кылат деди:

- Уксаңыздар, Ирак согушуна карата түрдүү пикирлер болууда. Мен аларды түшүнөм. Айрым америкалыктар жамандыктан качуу үчүн биздин аскерлерди чакырып алууну каалашат. Мен алардын асыл ниетин түшүнөм, лекин алар жаңылыш ойлошот. Аскерлерди чыгарып кетүү дүйнөнү дагы кооптуу кылып, Американын кооптуулугун күчөтөт.

Демонстрантар “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына согуш адамдардын өмүрүн улам көп алып жатканына тынчсызданганын билдиришти. Орто жаштагы акушер-гинеколог Мэри Маселман айымдын айтышынча, президент Буш тарса катары Иса пайгамбардын “Тынчтык орноткон адамды Кудай колдойт” деген сөзүн унутуп койгон. Анын кесепетинен Иракта 2 миң чукул америкалык, кеминде 20 миң ирактык набыт болгон:

- Көптөгөн адамдардын өмүрү үзүлдү. Мен дарыгер катары: ушунча ирактыктын жана америкалыктын набыт болгону, көп сандагы америкалык жигиттердин жана жоокер аялдардын жарадар болгону - бул өтө жаман деп ойлом.

Вашингтондук карыя дарыгер Майкл Дурр Американын азыркы саясаты өлкөнү жамандыкка алып барат, анткени Ирактагы согуш ийгиликсиз жүрүүдө деген пикирин билдирди:

- Бул согуштун кесепетинен улам бүтүндөй дүйнө Америкага киши өлтүргүч катары кароодо. Согуш дүйнөнү бизге каршы койду деп ойлойм. Менин оюмча, бизге каршы террорчулук жасоо мүмкүндүгү аябай өстү.

Майкл Дурр согушту токтотуу үчүн бардык америкалыктар көчөгө чыгып, өз каалоосун Бушка көрсөтүүгө мезгил жетти деп санайт.

Вашингтондогу тынчтык демонстрацияга жаштар да көп чыгышты. Коллеждин студенти Саша Буллаг акцияга катышуу үчүн үй-бүлөсү менен Түндүк Каролинадан атайын келишкен. Сашанын айтымында, ал Жорж Буш согушту президент Саддамды бийликтен кулатуу үчүн же Иракта кыргын салчу куралы болгону үчүн эле ачты деген кепке ишенбейт:

- Себеби, бул согуш кимдир бирөөлөргө жардамдашуу үчүн жүрүп жаткан жок. Бул согуш Жакынкы Чыгышты стратегиялык жактан контролдоо жана мунай үчүн жүрүүдө.

Жекшемби күнү Вашингтондо Жоржт Буштун Ирак саясатын жактаган демонстарция өтөт.

XS
SM
MD
LG