Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ - УЧУР ТАЛАБЫ


25-сентябрда Бишкекте Евразиялык изилдөө институту менен бейөкмөт уюмдар ассоциациясы өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, жаңылоо максатында жыйын өткөрдү. Ага түрдүү көз караштагы саясатчылар, саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, ой-пикирлерин билдиришти.

Жыйынга катышкан Конституциялык кенешменин мүчөсү, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев Евразия изилдөө институту менен бейөкмөт уюмдар ассоцициясы учурдагы эң актуалдуу маселени козгоп жатканын, өлкө Конституциясын өзгөртүүнүн зарылдыгын билдирди:

- Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, сот системасын кайра реформалап чыкмайын, максатыбыз ишке ашпайт. Пропорционалдык система менен шайлоо маселеси көп жылдан бери талкууга алынып келетат. Бул дагы мезгил талабы.

Жыйында сүйлөгөн президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев өлкө чоң өзгөрүүлөрду башынан өткөрүп жатканын, Конституцияга өзгөртүүлөрдү учур талабына ылайык киргизүүнүн жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоонун зарылдыгын айтты.

Жыйында сүйлөгөн өлкөнүн юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов сот системасын реформалоонун зарылдыгын белгилеп, жазалоо жагдайларын да өзгөртүүнү, Конституциялык сотту кыскартуу сунуштарын билдирди:

- Сот системаларын реформалоо учур талабы. Жазалоонун формаларын да кайра карап чыгуу керек. Конституциялык сот өз милдетин аткарбай жатат. Аны кыскартуу менен анын укуктарын, функциясын Жогорку сотко берип, өзүнчө коллегия кылып өзгөртүү зарыл. Бул система өзүн актаган жок. Айыл жериндегилер Конституциялык сотко кайрыла албайт, себеби анын механизми татаал.

Жыйында Конституциялык кенешменин мүчөсү, адвокат Ашыркул уулу Токторбек 16- беренени мурдакыдай редакцияда сактап калуунун зарылдыгын мындайча түшүнүрдү:

- Учурда иштеп турган Баш мыйзамда адам укуктары кеңири жазылып, 24 пунктта чагылдырылган. Ал эми сунушталып жаткан жаңы редакцияда болсо үстүртөдөн жазылып, 12 пунктта гана белгиленген. Көпчүлүк учурда мыйзам орус тилинде жазылып, кайра кыргызчага которулганда мааниси өзгөрүлүп, так болбой калган. Ошондуктан Баш мыйзам кыргыз тилинде түшүнүктүү, жөнөкөй тилде жазылуусу зарыл.

Жыйында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мамлекеттик башкаруу системалары тууралуу да түрдүү сунуштар айтылды.

“Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаков болсо Конституцияны өзгөртүүгө шашылуунун зарылдыгы жок, айрым сунуштарга кошулса болот деген пикирин билдирди:

- Баш мыйзамды саясый көз караштарга ылайык кайра- кайра өзгөртө бергенге болбойт. Шашылуунун зарылчылыгы жок. “Мүйүздүү болом деп, кулактан айрылуунун кереги барбы?” Ошондуктан айрым сунуштарга кошулсам да, Баш мыйзамды толук өзгөртүүгө шашпаш керек.

Болот Жанузаковдун пикирине Конституциялык кеңешменин мүчөсү Болот Байгожоев макул эместигин, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын мындайча белгиледи:

- Мурдакы бийлик Баш мыйзамды 4 жолу өзгөртүү менен чексиз бийлигин орнотуп алганы эмнеге алып келгени баарыга белгилүү. Ошондой өзгөртүүлөрдүн башында Болот Жанузаков мырза да турган. Бирок бийлиги чексиз мурдакы президенттин жоопкерчилиги Баш мыйзамда каралбай калган. Ошондуктан президенттин жана парламенттин бийлиги менен жоопкерчилигин тактап, Баш мыйзамга жазуу зарыл. Биздин өлкөгө парламенттик башкаруу гана ылайыктуу.

Баш мыйзмага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу бир нече партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү өз ойлорун ортого салышты.
Конституцияга негизинен эки гана чоң өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгын белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов айтып, президент шайлангандан 2 айдан кийин элге Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуш кылам деген эле деп эскертти:

- Бири партиялык тизме менен парламентти шайлоо, экинчиси- президенттин статусун аныктап, парламенттик же президенттик башкарууну тактоо. Буюрса мындай партиялык тизме менен шайлоо болот. Ошондо парламентке өтүү босогосу 5 пайыздан жогору болбошу керек. Бийик тоскоолдон көп партиялар өтө албай калат. “Шайлоочулардын 50 пайызы келип добуш берсин” деген жобону “шайлоочулардын үчтөн бири келсе болот” деп өзгөртүү зарыл. Чет өлкөлөрдө мындан да төмөн. Бизде калктын 33-34 пайызы келип добушун берсе деле чоң көрсөткүч болмок. Мындай учурда шайлоону бурмалоого жол берилбейт болчу.

Жалалабад университетинин окутуучусу Асел Молдоболотова Баш мыйзам бир ууч топтун же адамдардын кызыкчылыгынан улам кайрадан өзгөрүлө бербей, элге кызмат кылуучу мыйзам болушу керектигин белгиледи.

Жыйында Баш мыйзамга сунуштар камтылган резолюция кабыл алынып, Конституциялык кеңешменин жаңы мүчөлөрүнө сунуш-пикирлер жолдонду .
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG