Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Пенсия көбөйөбү?


БИШКЕК. 1-октябрдан баштап Кыргызстанда карыларга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыяланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова билдирди. 1-2-октябрда карылар үчүн атайын жарманке болуп, анда айыл чарба продукциялары арзан сатылат жана ошол күндөрү бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. 24-марттагы бийлик алмашуудан кийин президенттин жардыгы менен пенсия 15 пайызга жогорулады. Ишенгүл Болжурованын айтымында, учурда өкмөт пенсияны 30 пайызга жогорулатуунун жолун издеп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG