Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Юстиция министри тартип коргоо органдарын чечкиндүү чараларга чакырат


БИШКЕК. Депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмү жана ага чейин болгон буйрутма өлүмдөр көп учурда менчик бөлүштүрүүдөн жана кылмыш топтордун бийликке аралашышынан келип чыгышы ыктымал. Мындай пикирин “Азаттыкка” юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов билдирди. Министрдин айтымында, тартип коргоо органдары чечкиндүү чараларга барышы керек. ИИМ билдиргенге караганда, депутат Эркинбаевди атып кеткендерди издөө боюнча оперативдүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Депутат көзү тирүүсүндө эле камакка алынган 4 жан сакчысы дале камакта. Баяман Эркинбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча маалыматты Жогорку Кеңеш келерки аптада угат. Мындан тышкары бул ишти парламенттик комиссия да өз алдынча иликтөөнү көздөп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG