Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Марат Кайыпов Конституциялык сотту жойууну туура көрөт


БИШКЕК. Кыргызстанда Конституциялык сотту жоюп, анын полномочиелерин райондук сотторго өткөрүп берүү керек. Мындай пикирин юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов жекшембиде өткөн сот реформасына, Конституциялык жаңыланууга арналган семинарда билдирди. Министрдин пикиринде, Конституциялык соттун буга чейинки иши өзүн актаган жок:

- Адам укугун коргоодо Конституциялык сот өзүн актаган жок. Биринчиден ал башкалаада гана турат, дубандарда өкүлчүлүгү жок. Башкалаага атайын келген адам да арызын оңой менен тапшыра албайт. Себеби, бул сотко кайрылуунун жол- жобосу өтө татаал. Ошондон улам Конституциялык сот жылына 2-3 гана иш карап атпайбы!?

Жекшембиде өткөн бул семинарды Евразия иликтөөлөр институту өткөрдү. Аталган семинарда соттордун айлыгын жогорулатуу, сот жараяндарына элдин өкүлдөрүн да отургузуу өңдүү маселелер талкууланды. Кыргызстанда 500гө чукул судья бар. Алардын орточо айлыгы 4 миң сомго чукул.

XS
SM
MD
LG