Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Иракта кан төгүү уланууда


Багдадда Ирактын ички иштер министрлигинин кербенине жете келген жанкечти жардырган бомбадан кеминде 9 киши, анын ичинде полициянын тандалма бөлүгүнүн бир офицери курман болду. Таң эрте Багдаддын түштүгүндөгү Хилла шаарчасынын базарында бомба жарылып, бир кишинин өмүрүн алды. Өткөн түнү Багдаддын четиндеги Садр чөлкөмүндө америкалык аскерлер менен шиит диниятчысы Муктада ас-Садрдын желдеттери салгылашты. Айкашта ас-Садрдын жети жоокери катардан чыкканы маалымдалды. Багдадда белгисиз адамдар Ирактын финансы министрлиги күзөткөн кербенге кол салышып, 850 миң долларды уурдап кетишти. Полициянын маалымдашынча, аткылашууда эки күзөтчү окко учту, жети күзөтчү жарадар болду.

XS
SM
MD
LG