Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бишкекте сүрөтчүлөрдүн эл аралык форуму өттү. Манасчылар Рысбай Исаков менен Самат Көчөрбаев Элиста шаарында өткөн дүйнөлүк эпостордун фестивалына катышып келди. Жалалабат облусунда “Ырдын пири – Рысбай” аттуу телесынак жүрүүдө.

Узап бара жаткан аптанын шаршемби күнү Бишкекте сүрөтчүлөрдүн экинчи эл аралык форуму болду. Ага Москва, Санкт-Петербург, Армения, Кытай Түркия, Казакстан, Якутия, Украинадан сүрөтчүлөр келишти. Форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов жана вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова катышышты. Сүрөтчүлөрдүн жаңы багыттарды ачуусун көздөгөн жана чыгармачылык биригүүгө чакырган бул форум сүрөтчүлөр сессиясы менен башталды. Андан соң эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болду. Анда чет өлкөлүк жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн ар кыл жанрдагы эмгектери коюлду.

Бул маданий иш чара менен катар ушул эле күнү кыргыз монументалдык искусствосунун негиздөөчүсү, академик, кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыковдун жетимиш жылдык мааракесине арналган салтанат болуп өттү. Ага чет өлкөлөрдөн келген коноктор да катышышты.

***

Орусиянын Элиста шаарында “Дүйнөлүк эпостордун фестивалы” өтүп, ага Кыргызстандан манасчылар Рысбай Исаков менен Самат Көчөрбаев барып келишти. Аталган фестивалдын жүрүшү туурасында Рысбай Исаков буларга токтолду:

- Фестивалга Башкырстандан, Дагестандан, Япониядан жана Москванын өзүнөн эпос айтуучулар келишти. Негизинен калмак эли жыл сайын жангар эпосунун күнүн белгилешет экен. Ал эми быйыл аны дүйнөлүк деңгээлге көтөрүшүптүр. Андан сырткары Элиста шаарынын 140жылдыгы экен. Фестивалга келген көрүүчүлөр бизди аябай жакшы кабыл алышты. Ал жерде Кыргызстанда жашап кеткен калмактар көп экен. Көздөрүнө жаш алып, кучакташып көрүшүштү. Биз да аларды эмки жылы өтө турган дүйнөлүк фестивалга чакырдык. Маданият министри “сөзсүз силердин министрлик менен байланышабыз, биз достукту бекемдесек болот эле” деген ниетин билдирди. Бул жактан бара жатканда “Манасты” айтканда калмактар жөнүндө айта көрбөгүлө деп калышты эле. Тескерисинче алар өздөрү суранып атып айттырышты. Президенти менен маданият министри түштөнүүгө чакырды эле, ошол жерден калмактар жөнүндө, Коңурбайдын урушканын айттырышты. Мына ушундай теңдеши жок эпоско калмак атынын кирип калышы биз үчүн сыймык дешти.

Рыбай Исаков мындан сырктары калмак эли менен кыргыздардын ортосундагы окшоштуктарды белгиледи:

- Калмактардын салт-санаасы, меймандостугу кудум кыргыздардыкына эле окшошуп кетет экен. Сөздөрүндө да, бий өнөрүндө да окшоштуктар байкалды. Маселен боорсокту алар деле боорсок деп айтышат экен. Ошондой эле “Беш ыргай” деген бийинде жүн сабамай, ийик ийрүү жана камыр ийлемей деген кыймылдарды көрсөтүштү.

***

Жалалабаттагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун билдиргенине караганда, бул жумада Токтогул району менен Каракөл, Ташкөмүр жана Майлуусуу шаарларында «Ырдын пири - Рысбай» аттуу облустук сынак улантылды.Телесынак даңазалуу обончу, маркум Рысбай Абдыкадыровдун быйыл белгиленүүчү 65 жылдыгына карата Жалалабат Университетинин алдындагы Абдыкадыров атындагы клуб менен Жалалабат облустук телерадио компаниясы жана облустук маданият башкармасы тарабынан уюштурулууда. Буга чейин мындай телесынак облустун бардык район-шаарларында өткөрүлгөн . Район-шаарлар жана кошуна Өзбекстандан ноябрь айында облустун борборунда өтүүчү сынакка 50 өнөрпоз тандалып алынды.”Ырдын пири - Рысбай” аттуу телесынакты уюштуруучулардын бири, Р.Абдыкадыров атындагы клубдун жетекчиси Султан Борошевдин маалыматы боюнча, телесынак төрт номинация боюнча жүргүзүлүп жатат жана сынак Бишкек шаарында Р. Абдыкадыровдун чыгармаларын аткаруучулардын гала-концерти менен жыйынтыкталат
XS
SM
MD
LG