Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

АМЕРИКАДА ЖАҢЫ КОСМОС ПРОГРАММАСЫ ДАЯРДАЛА БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Американын Космос агенттиги жаңы билдирүү жасап, Марс планетасына адам жиберүү программасына кирише турганын жарыялады. Анын алгачкы бөлүгү катары 2018-жылга чейин Айдын бетине адам конууга тийиш.

1960-жылдарда АКШда "Аполлон" программасы даярдалып, анын алкагында 1969-жылы биринчи астронавттар Нейл Армстронг менен Эдвин Олдрин Айдын бетин баскан. 1970-жылдарда болсо америкалыктар "Спейс-шатл" программасына өтүп, космоско чөлмөк кемелерин учура баштаган, бирок акыркы жылдарда чөлмөктөр менен улам жаңы кырсык боло баштады. Былтыр болсо президент Жорж Буш окумуштуулар алдына жаңы тапшырма коюп, 30 жылдын ичинде Марс планетасына адам жиберүү керек, деп билдирди. Андай саякатка даярдык катары Айдын бетинде атайын космостук станция куруу керек жана Марска жете турган кеме Айдан учурулмакчы.

НАСА деп аталган АКШнын космос агенттигинин администратору Майкл Гриффин 19-сентябрда Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, 2018-жылга чейин Айга адам жиберүүнү көздөгөн жаңы программа иштелип жатканы тууралуу билдирди. Айга учурула турган кемелер - "Аполлон" кемелерине окшош болот.

Андай кеме менен учкан астронавттар алгач Жерди айланып турган орбитага чыгат жана Жерден башка да бир ракета учурулат. Ал экинчи ракета - Айга коно турган кемени алып чыгат жана эки кеме орбитада жалгашкандан кийин, астронавттар экинчи кемеге өтүп, аны менен Айга барып конот. Конгон кеменин бир бөлүгү - Айдын бетинде келечекте курула турган туруктуу космос станциясынын пайдубалына айланат жана Айга улам жаңы андай бөлүктөрдү жиберип отуруп, бир топ ири станция курса болот. Кийин ал станцияда - Марска уча турган кемелер жана астронавттар даярдалат. Андай Ай программасына 104 миллиард доллар сарпталмакчы.

Америкалык коомдо бирок космос изилдөөлөрү үчүн мынчалык көп каражат коротуу канчалык керек деген суроолор пайда болууда. Августтун аягында АКШнын түштүк аймактарын кыйраткан бороон-чапкындын тийгизген зыяны азыр айрым эксперттер тарабынан 200 миллиард долларга чаап барат деп айтылууда. Андан тышкары Ирактагы согуш үчүн Вашингтон азыр ар бир ай сайын беш миллиард доллардан ашык каражат коротууда.

Гриффиндин айтымында болсо, космосту изилдөөгө корогон каражат - узак мөөнөттү көздөгөн инвестиция жана бороон же башка кырсыктардын тийгизген зыянынан улам илимий изилдөөлөр токтоп калбаш керек:

- Космос программалары - келечекке салынган инвестиция. Учурдагы маселелерди чечүү үчүн биз узак мөөнөттүү программаларды курмандыкка чалбашыбыз керек. Бороон-чапкын болгондон, мисал үчүн, Аба күчтөрүн же Деңиз күчтөрүн каржылоону токтотуп салган жокпуз да, ошондуктан НАСАнын ишмердүүлүгү да токтобош керек.

Анын айтымында, 2006-жылдагы НАСАнын бюджети 16 миллиард долларга жетет жана кийинки жылдарда ал улам көбөйө баштайт. Жер орбитасында жана Айдын бетинде космос станцияларын куруу ишине болсо башка мамлекеттер да катышса болот жана АКШда даярдалып жаткан жаңы программага Европалык космос агенттиги дагы колдоо көрсөттү. Бээжиндин пландары боюнча болсо 2010-жылга чейин Айдын бетине кытайлык космос кемеси конууга тийиш, бирок ал адамсыз болот.
XS
SM
MD
LG