Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Анжиян коогасы үчүн айыпталгандардын арасында Кыргызстандын да үч жараны бар


БИШКЕК. Анжиян козголоңуна катышы бар деген айып менен Ташкенде соттолуп жаткандардын арасында кыргызстандык үч атуул бар жана аларды эң оор жаза күтүп атат. Мындай маалымат “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаиловадан алынды. Ал билдиргенге караганда, Ташкенде Анжиян козголоңу боюнча 121 адам камакка алынган. 21-сентябрда башталган сот жараянында 15 адамга айыптар тагылууда. Алардын ичинен үчөө Кыргызстандын атуулу. Араван районунда төрөлгөн Лаачынбек Иманкулов 13-майда кыргыз-өзбек чек арасын кесип өтүп, куралчан топко коушулган жана акимчиликтин имаратын басып алууга катышып, андагы барымтадагы адамдарды өлтүрүүгө катышкан деп айыпталууда. Ош облусунуну туругуну Валимжан Эргашев коркутуу менен көпчүлүк атуулдарды козголоңго катышууга мажбурлаган, акимчиликке чабуул жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Ош облусунун дагы бир туругуну Жахангир Бурханов аскердик бөлүккө жана тергөө абагына чабуул жасоого, Чулпан көчөсүндө элге ок атууга катышкан деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG