Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Жаңы өкмөттө кимдер иштейт?


БИШКЕК. Парламентте дүйшөмбүдө президент сунуштап жаткан өкмөттүн жеке курамы белгилүү болду. Анда биринчи вице-премьер-министрликке Данияр Үсөновдун, Медетбек Керимкуловдун жана Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги сунушталган. Ал эми вице-премьер-министрликке Адахан Мадумаров, өкмөттүн аппарат башчылыгына Накен Касиев, коргоо министрлигине Исмаил Исаков, ички иштер министрлигине Мурат Суталинов, тышкы иштер министрлигине Роза Отунбаева, юстиция минитсрлигине Марат Кайыпов, экономика жана финансы министрлигине Акылбек Жапаров, транспорт жана байланыш министрлигине Ишенбай Кадырбеков, айыл чарба министрлигине Абдималик Анарбаев, саламаттыкты сактоо министрлигине Шайлообек Ниязов, өнөр жай жана соода министрлигине Алмазбек Атамбаев, чукул кырдаалдар министрлигине Жаныш Рустанбеков, билим берүү, илим минитсрлигине Досбол Нур уулу, маданият министрлигине Токтокан Боромбаева, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетине Эмилбек Узакбаев, мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетине Турсун Турдумамбетов сунушталган. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, парламент 27-сентябрдагы отурумунда биринчи вице-премьерлик жана вице-премьерлик кызматка сунушталган талапкерлерге жашыруун добуш берүү аркылуу макулдук беришет. Добуш берүү бир нече турда өткөрүлүп, көп добуш алган талапкер жеңишке жетишет.

XS
SM
MD
LG