Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

ЖАРДЫ МАМЛЕКЕТТЕРДИН КАРЫЗЫ КЕЧИРИЛМЕЙ БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Дем алыш күндөрү Вашингтон шаарында Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун жетекчилигинин жыйыны болуп, анда - дүйнөнүн эң кедей 18 мамлекетинин карызын кечүү тууралуу чечим кабыл алынды. Алардын он төртү Африка, калган төртөө - Түштүк Америка мамлекеттери.

Жарды мамлекеттердин карызын кыскартуу маселеси июлда Шотландияда өткөн дүйнөлүк саммитте каралып, кедей өлкөлөрдүн өнүгүүсүн колдоо үчүн алардын карызы кечирилүүгө тийиш деген чечим кабыл алынган. Жыйынга эң өнүккөн сегиз мамлекеттин жетекчилери катышкан. Африка өлкөлөрү азыр Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта коруна болгон карызын төлөө үчүн күн сайын 100 миллион доллар сарптайт.

Карызы кечирилген өлкөлөр ичине Африкадан Бенин, Буркина-Фасо, Гана, Замбия, Мадагаскар, Мавритания, Мозамбик, Мали, Нигер, Руанда, Сенегал, Танзания, Уганда менен Эфиопия жана Түштүк Америкадан Боливия, Гаяна, Гондурас менен Никарагуа кирди. Бул мамлекеттерге мурда атайын шарттар коюлган жана ал шарттар аткарылды. Бардыгы болуп 40 миллиард доллар карыз кечирилди.

Дүйнөнүн дагы 20 кедей мамлекетине азыр окшош шарттар коюлууда жана алар аткарылса, жалпы саны 15 миллиард долларга жеткен ал өлкөлөрдүн карызы да жакынкы жылдарда кечилиши мүмкүн. Мынча акча кечирилип жаткандыктан, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта кору зыянга учурабаш үчүн сегиз өнүккөн мамлекет аларга кенемте төлөп бермей болду, ал сегиз өлкөнүн катарына АКШ, Алмания, Британия, Италия, Жапония, Канада, Орусия жана Франция кирет.

Дүйнөлүк банктын карыз маселесин караган комиссиясынын төрагасы Тревор Мэнуэлдин айтымында, мындай чара африкалык мамлекеттердеги экономикалык өсүш көтөрүлүп бараткан учурда көрүлдү, ошондуктан бул мамлекеттердин эми дагы жаңы ийгиликтерге жетишине негиз түзүлдү:

- Африкадагы макроэкономикалык абал азыр мурда болуп көрбөгөндөй жакшы. Экономикалык өсүш орто эсеп менен 4,7 пайызды түзүп, инфляция 10 пайыздан ашкан жок. Көпчүлүк мамлекеттердеги каржы балансы дагы дурус.

Жарды мамлекеттердин карызын өнүккөн өлкөлөр кечүүгө тийиш деген дүйнөлүк кыймылды мындан бир нече жыл мурда "Ю-Ту" деген рок-группанын солисти Боно баштаган.

XS
SM
MD
LG