Швейцариянын калкы кечээги референдумда көпчүлүк добуш менен Евробиримдикке жаңы мүчө болгон он мамлекеттин жарандары алардын мекенине келип, иштөөсүнө уруксат берүү жөнүндөгү сунушту колдоду. Өкмөттүн мындай демилгесин добуш бергендердин 56%ы жактаган. Евробиримдиктин жетекчилиги Швейцариядагы референдумдун жыйынтыгын Европанын интеграция жараянындагы маанилүү окуя катары жогору баалады. Бирок Швейцария өзү Евробиримдикке мүчө эмес.