Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Ооганстанда парламенттик шайлоонун добуштары саналууда


Ооганстан менен БУУнун биргелешкен шайлоо комиссиясынын өкүлү Питер Эрбен кечээ кабарчыларга буларды билдирди:

- Добуштарды саноо активдүү жүрүүдө. Биз 32 округдан бардык бюллентендерди алдык. Бүткүл Ооганстан боюнча добуштардын 19%ы саналып калды. Акыркы эки күндө биз санакты тездеттик. Убада кылынгандай ишти октябрдын башында аякташыбыз керек.

Добуш берүүгө болсо 6,8 миллион шайлоочу катышкан. Алардын 43%аялдар. Баштапкы маалыматтарга караганда президент Хамид Карзайдын былтыркы президенттик шайлоодогу негизги атаандашы Юнус Кануни Кабулдагы округдардын биринен депутаттыкка өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG