Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

АКШнын Техас жана Луизиана штаттарынын ураганга кабылган аймактарында тазалоо иштери башталды


Бир айга жетпеген мезгил аралыгындагы экинчи, "Рита" ураганынын айынан анын алдындагы "Катрина" ураганынан оңбогондой Жаңы Орлеан шаарын кайрадан суу каптады. 2 миллиондон ашуун адамга элпектр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурады, имараттар бузулуп, жүздөгөн чакырым жолдор тал-теректердин сыныгына, таштандыларга толду. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, талкалануулар мурда күтүлгөндөн аз болду. Түздөн-түз урагандан айынан бир адам каза тапканы кабарланууда. Анын алдында борооон каптачу аймактардан эки миллиондон ашуун адам эвакуцияланган. Эвакуация учурунда улгайган адамдарды салган автобус өрттөнүп кетип, 24 киши мерт болгон эле.

Президент Жорж Буштун администрациясы жакындагы "Катрина" ураганы учурундагы кемчиликти кайталабаш үчүн, азыркы ураганга кабылган Техас жана Луизиана штаттарына федералдык өкмөттөн кеңири жардам көргөздү. Жергиликтүү бийликтер бороон алып келген нөшөрлөгөн жамгыр Техас менен Арканзас штаттарынын калк жыш жашаган аймагында жана Миссиссиппи дарыясынын өрөөнүндө суу ташкын жаратышы мүмкүн деп кооптонууда. Техастын губернатору Рик Перринин айтымында, чоң шааралар үчүн жамандык артка калганы менен али ишенимсиз кырдаал сакталууда. Урагандан АКШнын Мексика булуңундагы мунай иштетүүчү зводдор да мурда күтүлгөнгө салыштырмалуу аз зыян тартты.

XS
SM
MD
LG