Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

ИНТЕРНЕТ ЭРКИНДИГИ КЫТАЙДА УЛАМ ЧЕКТЕЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 25-сентябрда Кытайда өкмөттүк жаңы чечим жарыяланды жана ага ылайык, интернетке макала басып чыгаруу эркиндиги бир кыйла чектелет. Бирок Бээжин мурда эле интернет эркиндигине каршы бир топ чара көрө баштаган жана коммерциялык кызыкчылык көздөгөн айрым эл аралык компаниялар ага көмөктөшүүдө.

Кытайда азыр 100 миллион адамдын интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, өкмөттүк маалымат каражаттары жай иштегендиктен, айрым маселелер алгач эл арасында интернет аркылуу талкууланат. Тиги же бул карама-каршылыктуу маселени бийлик караштырып, ал боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алганга чейин, ал интернетте кеңири талкууланып кеткендиктен, коомдук пикир түзүлүп калган болот жана ал кээде өкмөттүкүнөн бир кыйла айырмаланат.

Мындай маселени чечүү үчүн Бээжин атайын чечим кабыл алып, аны 25-сентябрда жарыялады. Ага ылайык, интернет компаниялары мындан ары тиги же бул маселе боюнча өз комиментарийлерин жарыялабаш керек, интернетте - өкмөттүк маалымат каражаттарынын гана комментарийлери менен пикирлери чыгарылууга тийиш. Андан тышкары, интернеттен пайдаланган жана электрондук почта аркылуу кабар таратам деген ар бир жеке адам расми түрдө маалымат каражаты катары катталыш керек. Андай болгондо алар интернет аркылуу өз пикирин мындан ары эркин тарата албай калат.

Маалыматты дүйнө жүзү боюнча эркин жана кеңири жайган интернет коммунисттик бийликке коркунуч түзөөрүн Бээжин мурда эле түшүнгөн жана 2000-жылдан тартып ага каршы бир топ чара көрө баштады. Мисал үчүн, 2002-жылы Кытай жетекчилиги менен белгилүү "Яху" компаниясы ортосунда келишим түзүлүп, Кытайдын коопсуздугуна коркунуч түзүшү мүмкүн делген маалыматты "Яху" таратпоого милдеттенме алган.

2004-жылы болсо окшош келишим Бээжин менен атактуу "Гугл" компаниясы ортосунда да түзүлгөн жана ага ылайык, "Гугл" өз сайтында - Кытайда тыюу салынган интернет-даректерди көрсөтүүдөн баш тарткан. "Майкрософт" компаниясынын "МСН" деген почта кызматы менен дагы кытай жетекчилиги келишип, "адам укуктары", "демократия" же "эркиндик" деген сөздөрү бар кабарларды "МСН" өз электрондук почта каналдары аркылуу өткөрбөөгө макул болгон.

Бул батыш компаниялары өздөрү эркин коомдо иштегени менен, улам жаңы кардар издеп, Орусия же Кытай сыяктуу жаңы мейкиндиктерге чыгууда, бирок алардын аймагында аракеттенип, киреше табуу үчүн Маскөө менен Бээжин койгон шарттарга көнүүгө аргасыз. Ал үчүн бул фирмалар Кытайдан канча акча алганы белгисиз, бирок Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" деген уюм ал тууралуу өз тынчсыздануусун билдирди.

Мисал үчүн, үстүбүздөгү жылдын апрелинде Кытайда Ши Тао деген журналист мамлекеттик сыр деп таанылган маалыматты интернет аркылуу тараткан деп күнөөлөнүп, он жылга эркинен ажыратылууга кесилди. Журналист болсо болгону - "Демократиялык жаңылыктар" деп аталган сайтка жарыяланган кабарларды цензуралоо боюнча кытай жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим тууралуу кабар тараткан. Аны эч ким таппасын деп, Ши Тао өз билдирүүсүн "Яху" сайтында ачкан электрондук почта аркылуу жиберген, бирок "Чек арасыз репортерлор" билдиргенге караганда, Кытай жетекчилигинин талабы менен "Яху" компаниясы ал журналисттин дарегин таап, Бээжинге берип салган.
XS
SM
MD
LG