Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Мадридде АКШдагы 2001-жылкы терракттар боюнча сот жараяны аяктады


Бул - АКШдагы 2001- жылкы террордук иштерге байланыштуу Европадагы эң ири сот жараяны. Натыйжада "ал-Каиданын" Испаниядагы бөлүмүнүн жетекчиси Эддин Яркос 27 жылга түрмөгө кесилди. Дагы он жети киши алты жылдан он бир жылга чейин эркинен ажыратылды. Алардын ичинде "ал-Жазира" телеканалынын Испаниядагы кабарчысы да бар. Айыпкерлерден алтоо акталды. Сотто суралган 24 адамдын көбү негизинен Сириянын жана Марокконун жарандары. Алардын айрымдары былтыр Мадриддеги террордук иштерге байланыштуу кайрадан сот алдында жооп берет.

XS
SM
MD
LG