Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Германиядагы жакынкы парламенттик шайлоодо бир да партия өз алдынча өкмөт түзүү укугуна ээ болгон жок. Өлкөнүн эң ири эки партиясы: Христиан-демократтар менен Социал-демократтардын өкүлдөрү өкмөттү биргелешип курууга багытталган сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

18-сентябрдагы шайлоонун натыйжасында, Ангела Меркел жетектеген оппозициядагы Христиан-демократтар партиясы канцлер Герхард Шрөдөрдүн Социал-демократтар партиясынан бир пайыз гана көп добуш алган эле. Бул алардын эч кимиси өз алдынча өкмөт түзө албайт дегенди туюндурат. Эксперттер акыр аягында, азыркы оппоненттер "чоң коалицияга" биригээрин жокко чыгарышпайт. Учурда азыр өлкөнүн кийинки канцлери ким болот деген маселе талашка түшүүдө. Бул кызматка Ангела Меркел да, Герхард Шрөдөр да умтулуп жатат. Тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөн аптада баштаган эле. Анын соңунан Социал-демократтардын лидери Франц Мунтерферинг мындай деди:

- Мен биздин партиянын максаттарын жаңы эле Герхард Шрөдөр менен талкууладым. Биздин максат - Шрөдөр мырзанын канцлер катары жетекчилик кылып, өз саясатыбызды мүмкүн болушунча жүргүзүү.

Германияда калыптанган саясий салтка ылайык, адатта канцлердин кызматын алдыга чыккан партия алат. Мындай болгон шартта өкмөт башчылыгына Ангеле Меркел келиши абзел. Бирок Шрөдөр эки атаандаштын коалициясын колдогону менен канцлердиктен баш тарта элек. Ал эми Социал-демократтардын буга чейинки коалициядагы өнөктөшү Жашылдар партиясы кийинки канцлерди Христиан-демократтар аташы керек деп эсептейт. Ангела Меркел болсо бул эки ири партия коалиция түзө алар-албасы ушул аптада аныкталат деген ойдо. Ал өткөн жума соңунда кабарчыларга буларды айткан:

- Менимче, биз турумубузду келерки аптада ачыктайбыз. Азыркы сүйлөшүүлөрдө биз бул маселени козгогон жокпуз, бул алдыда, баштапкы айлампада каралат. Ушундан кийин биз коалиция жөнүндөгү сүйлөшүүнү баштай алабызбы деген чечим кабыл алууга келишибиз керек.

Айтор, соңку парламенттик шайлоо Германияны мурда болуп көрбөгөндөй саясий кырдаалга кептеди. Эгер алдыңкы орунга чыккан эки партия өкмөттү алардан кийинки орундарды алган партиялар менен түзсө, азчылыктын өкмөтү болуп калат. Муну алар каалашкан жок, анын үстүнө бул өлкөдөгү саясий салтты бузгандык болот. Ал эми үч партиянын коалициясын куруу боюнча аракеттер ийгилик таппады. Баяндамачылардын пикиринде, өкмөт куруу иштин жеңил бөлүгү болушу мүмкүн. Себеби жаңы өкмөт кандай саясатты карманары анык эмес.

Маселен, Меркелдин Христиан-демократтары шайлоо кампаниясы учурунда немец экономикасына дем берүү үчүн социалдык жана жумушсуздук үчүн берүүлүүчү төлөмдөрдү кыскартууга басым жасашкан болчу. Герхард Шрөдөрдүн Социал-демократтары реформа зарылдыгын белгилеп, бирок социалдык төлөмдөрдү кандай гана кыскартуу болбосун, ал социалдык адилеттүүлүккө шайкеш келиш керектигине токтолгон. Андыктан, немец шайлоочулары бул багытта реформаны чындап каалар-каалабасы да беймаалым.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG