Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

Таластык спортчулар нааразы


ТАЛАС. Жакында аяктаган улуттук оюндардын төртүнчү спартакиадасынын акчалай сыйлыктары берилбегенине спортчулар нааразылык билдирүүдө. Кыргыз өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайык, жалпы командалык биринчи орунга татыктуу болгон облуска 150 миң сом байге берилип, ал спортсмендерге салымдарына жараша бөлүштүрүлмөк. Бирок биринчи орунду жеңип алган таластык спортсмендер байгелерин ала албай, облустук туризм, спорт комитетинин жетекчилерине эки күндөн бери нааразычылык билдиришүүдө. Ал эми облустук комитеттин жетекчилери акчаны республикалык уюштуруу комитети бербей кеткендигин айтып, спортсмендерди жооткотот. Облустук комитеттин жетекчиси Шаршенбек Конгантиевдин айтымында, убада кылынган байгелер ушинтип берилбесе, улуттук оюндарга кызыгуу азайып, элдин бийликке иренжүүсү күчөйт. Спартакиаданын жүрүшүндө Ысыккөл облусунун команадасынан 2600 долларлык каражатка сатылып алынган Көкбөрүгө чабылуучу аргымак да өлүп калып, анын кунун ким төлөп берерин аттын ээси биле албай кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG