Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Бекназаров өлкө калкына ачык кат жолдоду


БИШКЕК. Жакынкы күндөрү Бишкекте өлкөнүн мурдагы баш прокурору Азимбек Бекназаров прокуратура органдары тарабынан март ыңклабынан кийин жасалган иштер жөнүндө отчетун жарыялайт. Анда коррупцияга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы кандай иштер жүргүзүлгөндүгү, эмне үчүн өлкөдө буйрутма киши өлтүрүүлөр болуп жаткандыгы, өлкөдө ыңкылаптан кийин өзгөрүүлөрдүн орун албай жаткандыгынын жана коррупция менен уюшулган кылмыштуулуктун күчөп бараткандыгынын себептери жөнүндө айтылмакчы. Бекназаров ошондой эле кызматтан бошотулушунун түпкү себеби, анын азыркы бийликке карата позициясы тууралуу, мындан ары коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору жөнүндө да жарыя кылмакчы. «Мен күтүлбөгөн жерден кызматтан бошотулганыма байланыштуу элге отчетту бере албай калдым эле. Бирок бул менин милдетим, анткени, мени баш прокурорлукка эл дайындаган», - деп жазылган экс-баш прокурордун кайрылуусунда. Буга чейин баш прокурордун отчету 28-сентябрда Алатоо аянтында жарыяланышы күтүлгөн. Бирок белгилүү себептер менен ал башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шейшембиде «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG