Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

ЖӨӨТ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИН ПАРТИЯЛЫК КЫЗМАТТАН АЛУУ АРАКЕТИ ЖЫЙЫНТЫКСЫЗ АЯКТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Израил тарабынан Газа тилкесинде тургузулган айылдар август айында бошотулганына айрым жөөт уюмдары эмгиче катуу каршы чыгууда. Андай аракетти премьер-министр Ариел Шарон өзү жетектеген "Ликуд" партиясы да көрдү жана 26-сентябрда партиянын жетекчилигин кайра шайлоо маселеси көтөрүлдү, бирок Шарон ордунда калды.

Басылып алынган араб жерлеринде жөөт айылдарын тургузуу мурда Израил өкмөтүнүн мамлекеттик саясатына айланган, бирок эл аралык коомчулуктун басымы астында премьер Ариел Шарон үстүбүздөгү жылы атайын чечим кабыл алып, айрым аймактарды бошотууга киришкен. Газа тилкесиндеги 21 айыл толугу менен жана Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги 120 айылдын төртү көчүрүлдү, алар баары биригип жаңы курулган айылдардын 18 гана пайызын түзөт. Газа тилкесинен бардыгы болуп он миңге жетпеген адам көчүп кетүүгө аргасыз болду, аймакта болсо бир миллион 400 миң араб жашайт.

Анткен менен көптөгөн жөөт - өкмөттүн жардамы менен курулган үйлөрүн таштоону каалабай, араб жерлеринде калууга аракеттенди жана Израил өкмөтү аларды күч менен көчүрдү. "Ликуд" партиясынын айрым саясатчылары болсо Шаронду чыккынчы деп атап, партия жетекчилигин мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоону талап кылды жана маселе 26-сентябрда партиянын ичинде добуш берүү менен чечилди.

Бардыгы болуп 2800 добуш берилди жана 104 гана добуш артыкчылык менен эрте шайлоо өткөрүү демилгеси четке кагылды. Бирок Шарондун саясатына каршы чыккан мурдагы премьер-министр Бенжамин Нетаньяху өз аракеттерин баары бир уланта турганын билдирди. Анын айтымында, арабдар эми бүткүл Газа тилкесин террорчулардын базасына айлантып алышы мүмкүн.

Израилде чыгуучу "Жерузалем пост" гезитинин баяндамачысы Жил Гофмандын айтымында, эгер Шарон партиялык добуш берүү учурунда утулганда, Жакынкы Чыгыштагы бүткүл абал өзгөрмөк:

- Эгер башка чечим кабыл алынганда, ал Израилдин бүткүл тарыхын сөзсүз өзгөртмөк, анткени анда Шаронду кызматтан алуу аракеттери да башталмак жана саясий жагдай толугу менен өзгөрмөк. Чындыгында бул шайлоодо байгеге бардык нерсе сайылган, Шарондун келечеги дагы, 'Ликуд' партиясынын келечеги дагы, аймакта тынчтык орнотуу жараянынын келечеги да сайылган.

1970-жылдарда бысылып алынган Газа тилкесинде жөөт айылдарын курууга ал кезде коргоо министри болуп иштеген Ариел Шарон өзү үндөп, ал багытта мурда көп аракет көргөн жана "Ликуд" партиясы - арабдар коопсуздук маселесин чечмейинче, басылып алынган жерлер аларга кайтарылбаш керек деген пикирде болуп келген.
XS
SM
MD
LG