Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Путин элдин суроосуна жооп берди


Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин телерадиоберүүлөр аркылуу элдин суроолоруна жооп берди. Ага өлкө атуулдарынан жалпысынан бир миллиондон ашык суроо түшүп, Путин алардын алтымышына жооп берди. Анда Орусияда бийликти бир партия менчиктеп албасын, мындан ары социалдык колдоо деңгээли жогорулаарын билдирди. Ал эми телекөпүрө маалында Воркута шаарындагы эл чогулган жерге барууну каалаган бир нече адамды милиция сабап салды. Алардын арасында “Мемориал” укук коргоо уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы Евгений Хайдаров жана кесиптик кошундар менен пенсионерлер бирикмесинин өкүлдөрү бар. Латвиянын борбору Риганын көчөлөрүнөн Москва менен тикелей телебайланыш өткөргөнгө жергиликтүү бийликтер уруксат беришкен жок, ошондуктан аны бир үйдүн чатырында уюштурушту.

XS
SM
MD
LG