Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

«АЛ-КАИДА» АЗЗАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ АНЧЕЙИН МААНИ БЕРГЕН ЖОК


Ирак менен АКШнын ырасмий өкүлдөрү жекшембиде Иракта “Ал-Каида” уюмунун экинчи аскер төбөлү жок кылынды деп жарыялашкан. Бирок Ирактагы козголоңчулар маркум Абу Аззам андай деле маанилүү жоготуу эмес, деп билдиришти. Ага удаа Кошмо Штаттардын бириккен штаб башчысы Ричард Майерс да Аззамдын өлүмү “Ал-Каида” уюмуна олуттуу сокку келтире албастыгын моюнга алды.

АКШ менен Ирактын чалгындоо кызматтары билдиргендей, Абу Аззам, же ырасмий ысымына ылайык, Абдалла Нажим Ал-Жувари – “Ал-Каиданын” Ирактагы башкы көзүрү – Абу Мусаб Ал-Заркавинин орун басары, аскер башчысы болгон. Ал өткөн жекшембиде Багдаддагы үйлөрдүн бирине жасалган рейд маалында ок тийип, мерт болду. Коалициялык күчтөр Аззамды тирүү кармап келүүгө буйрук алган, бирок ал максат ишке ашпай, “Ал-Каиданын” Ирактагы аскер башчысы жашырынып отурган жеринде жан берди.

Ирак өкмөтүнүн басма сөз катчысы Лаит Кубба кабарчыларга Аззам далай террорчул аракеттерге аралашканын билдирди:

- Аскердик операциянын натыйжасында мерт кылынган адам – Абдалла Нажим ал-Жувари, же Абу Аззам деген ысым алдында атагы чыккан, “Ал-Каида” уюмунун Багдаддагы башкы өкүлү, Ирактагы 2-аскер төбөлү экени аныкталды. Бул өтө маанилүү кабар, анткени дал ушул Аззам Багдаддагы ырайымсыз кол салуулар, айрыкча шийилерге каршы кол салуулар үчүн жооптуу.

“Ал-Каида” уюму бирок Абу Аззам Багдаддагы көптөгөн бөлүмдөрдүн бирин башкарчу, аны Ирактагы аскербашчынын оң колу деп атагандар жаңылышат деген маалымат таратты. Ага удаа АКШнын бириккен штаб башчысы Ричард Майерс да Аззамдын өлүмү “Ал-Каиданын” Ирактагы аракеттерин өксүтүп жибербейт, анын ордуна башкасы келет деген пикирин айтты. Генералдын пикиринде, эң башкысы – Ирактагы башкы ал-каидачы, теги Иорданиялык Абу Мусаб ал-Заркави. Анын башы үчүн АКШ 25 млн. долларлык байге сайса да, бүгүнкүгө дейре кармалбай, ар башка аймактарда изин жашырып жүрөт. Генерал Майерс Ирактагы козголоңчулар акыры жансоога суроого аргасыз болот, бир аз убакыт гана керек деп белгиледи:

- Биз жеңебиз, Ирак эли өз өлкөсүндө жеңишке жетишине жардам беребиз, бирок бул узагыраак мөөнөт талап кылчу иш. Бара-бара саясий жана экономикалык маселелер башкы орунга чыгат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG