Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

УКРАИНАНЫН ӨКМӨТ КУРАМЫНЫН БАСЫМДУУ БӨЛҮГҮ БЕЛГИЛҮҮ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Украинанын президенти Виктор Ющенко жаңы өкмөт курамынын басымдуу бөлүгүн жарыялады. Серепчилердин айтымында, өкмөткө бир катар технократтар кирүүдө. Ал эми өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко Москванын прокуратурасына өз ыктыяры менен барып, көрсөтмө берүүгө даяр экендигин билдиргенден кийин, орус прокуратурасы аны камакка алуу тууралуу мурдагы буйрукту жокко чыгарды.

Украинанын президенти Виктор Ющенко жаңы өкмөттүн курамына кире турган 23 министрдин, 16сынын ысымдарын ачыктады. Ал эми Юрий Ехануров өкмөт башчылыкка өткөн аптада киришкен.

Министрликке сунуш кылынып жаткандардын 12си “сары кызгылт революциянын” башында турган экс-өкмөт башчы Юлия Тимошенконун учурунда да өз кызматтарын аркалап келген. Алардын арасында тышкы иштер министри Борис Тарасюк, коргоо министри Анатолий Гриценко жана ички иштер министри Юрий Луценко бар.

Өткөн жумада парламенттин макулдугун экинчи жолку аракет менен алган өкмөт башчы Юрий Ехануров өкмөт саясат менен алектенбеген технократтардан жана президент алдында жеке дымагы азыраак адамдардан турат деп билдирген. Ушул жума аягына чейин толукталып бүтө турган өкмөттүн ишмердүүлүгү саясий амбициялары жокко эсе болгон технократ Юрий Ехануровдун тандаган жолуна жараша түптөлөөрү күтүлүүдө.

Экономика жана саясатты иликтөөлөрдүн Киевдеги Разумков борборунун директору Юрий Якименконун айтымында, жаңы өкмөт мурунку өкмөттөн кыйла айырмалуу болот:

- Менин оюмча, бул өкмөт саясаттан бир топ алыстыгы жана ошонун негизинде ички кагылышуулардын жоктугу менен мүнөздөлөт. Бул өкмөт мурдагы өкмөттүн элге белгилүү болгон кармаштарына катышпаган адамдардын келиши менен да айырмалуу.

Юрий Якименконун баамында, бирок бул өкмөт реформанын өкмөтү эмес, туруктуулукту камсыз кылуу аракетинин өкмөтү болот:

- Бул чоң максаттардын жана алдыга сүрүүнүн өкмөтү эмес. Менин оюмча, бул бекемделүү же бир нерсеге жетүү аракетинин өкмөтү.

Өлкөдөгү байкоочулардын баамында, президент Ющенко марттагы парламенттик шайлоого чейин саясий туруктуулукту камсыз кылып, экономиканы бир аз көтөрүүгө аракеттенип жатат.

Ал эми экс-өкмөт башчы Юлия Тимошенко Москвага тымызын барып, прокуратурага сурак берүүгө макулдугун билдирген кадамы – Украинадагы болочокку шайлоодо орус тилдүү шайлоочулардын колдоосун Кремлдин көмөгү менен табуу аракети катары бааланууда.

Серепчи Юрий Якименконун пикиринде, Тимошенко айым “жең ичинен жеп алды” деген кине менен 1990-жылдардын аягында коррупция доолору менен байланыштуу шекке калган беделин Украинанын өзүндө да, чет өлкөлөрдө да чыңдоого аракеттенип жатат.

Ал эми Европа жана трансатлантикалык иликтөөлөрдүн Киевдеги борборунун башчысы Алексий Коломиец “сары кызгылт революцияны” жек көрүү менен кабыл алган расмий Кремлдин киевдик революциянын башында турган Юлия Тимошенкого колдоо көрсөтүүсүн Украинада орусиялык таасирди күчөтүү аракети катары аңдаса болот деген пикирде:

- Анын сапары жашыруун болду. Бул сапар Украина менен Орусиянын мамилесине ачыктыкты, тактыкты жана натыйжасы алдын-ала белгилүү болот деп күтүүнү кошумчалай албайт.

Алексей Макаркин сыяктуу башка да айрым саясатчылар Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн Юлия Тимошенкону жылуу кабыл алганы Кремлдин Украинадагы болочокку шайлоого чейин киевдик негизги саясий оюнчулар менен өз алакаласын чыңдап алууга далалат кылып жатканынан кабар берет, деп санашууда. 2004-жылы Кремль жеңиле турган саясий топко колдоо көрсөтүп, Украинадагы саясатында жеңилүү ызасына кабылган эле.

XS
SM
MD
LG