Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, 29-30-сентябрь күндөрү Талас, Нарын облустарында, Кемин өрөөнүндө жана Түп райондорунун айрым жерлеринде 0 градустан -1 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Үшүктүн жүрүшү жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөргө терс залакасын тийгизиши ыктымал.

29-сентябрда республика боюнча ала булут каптап турат. Ысыккөл жана Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын болот. Тоолорго кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +20...+25 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +18...+23 градус . Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26 градус жылуу. Ысыккөлдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16 градус. Нарын аймагында түнкүсүн 0...+5, ал эми күндүз +13...+18 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +5...+7, күндүз +22...+24 градус.


Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG