Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Буудалыкта көчкү жүрүшү ыктымал


ОШ. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Майрамбек Маматов Алай районунун Буудалык айыл өкмөтүнүн Көкташ участкасындагы чоң көлөмдөгү жер көчкү 19-сентябрдан бери ылдыйды көздөп жыла баштаганын “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымына караганда, бул жер көчкүдөгү жараканын ажырымы 50-60 сантиметрге жетип калган. Ош облустук атуулдук коргонуу башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, жер көчкү коркунучу бар участокто жашаган 8 үй-бүлө коркунучсуз жайларга көчүрүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлери көчүрүлгөн үй-бүлөлөр үчүн учурда 12 орундуу 3 чатыр тигилип, электр жарыгы өткөрүлүп, убактылуу жашап турууга шарттар түзүлүп берилгендигин билдиришти. Мындан сырткары көчүрүлгөндөрдүн айрымдары туугандарыныкында да жашашууда. Жер көчкү коркунучу бар аймакта көзөмөл жана санитардык посттор түзүлүп, көчкүнүн жылышы көзөмөлгө алынууда. Ош облустук атуулдук коргонуу башкармалыгынын маалыматына караганда, Алай районунун аймагында жер көчкү коркунучу бар аймактардын саны 180ге жакын. Алардын отуздан ашууну калк жашаган аймактарда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG