Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Дэниел Фрид Кыргызстанда


БИШКЕК. 28-сентябрда президент Курманбек Бакиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евроазия боюнча жардамчысы Дэниел Фрид менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, өнөр жай, энергетика тармагын өркүндөтүү, Борбор Азия аймагындагы коопсуздук маселелери талкууланды. Дэниел Фрид Кыргызстандагы реформаны АКШ өкмөтү колдой тургандыгын билдирди. Ушул эле күнү премьер-министр Феликс Кулов АКШнын мамлекеттик катчысынын өкүлү менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагын, сот системасын реформалоого, талоончулардан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдөгү АКШ өкмөтүнүн колдоосуна ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле аткаруу бийлигинин катарында аялдардын тартылбаганын президент менен талкуулай тургандыгын белгиледи.

Ал эми 29-сентябрда өкмөт башчы Феликс Куловдун Москвага иш сапары күтүлүүдө. Анда Кулов Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков, өнөр жай жана энергетика министри Владимир Христенко, өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу менен жолугушуусу болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG