Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Бейөкмөт уюмдар парламентке нааразы


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы Феликс Кулов өз команда мүчөлөрүн “Алга, Кыргызстан!” партиясынан чыккан депутаттардын колуна жалгыздатып салып берип коюп, алардын таламын жетиштүү талаша алган жок. Мындай билдирүүнү “Интербилим”, “Адам укугу жана мыйзамдуулук” бюросу өңдүү 10го чукул бейөкмөт уюмдар таратышты. Анда Жогорку Кеңештин өкмөт курамын бекитүүдөгү иш-аракеттерине бушаймандык айтылган. Бейөкмөт уюмдар сындап койгону үчүн минтип өч алуу менен депутаттар жеке таарынычтарын мамлекеттик иштен жогору койгонун көрсөттү, деп жазылат бул кайрылууда. Аталган уюмдар ушул эле күнү кыргыз парламентинде бир да аял жок болгону аз келгенсип, депутаттар өкмөткө да аялдарды өткөрбөй койгондугу жөнүндө БУУнун тиешелүү комитетине билдиришкен.

XS
SM
MD
LG