Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Кербенде митинг өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Митингдин катышуучулары президент Курманбек Бакиевдин элдин чакыруусу боюнча Аксыга келбегендигине жана өлкө башчысынын мамлекеттик комиссияга ишенип, Азимбек Бекназаровду башкы прокурорлук кызматтан алгандыгына нааразы болушту. Президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковго бир нече суроолор берилип, анын жоопторуна канааттанбагандыктарын билдиришти. Бийлик экс-президент Аскар Акаевдин заманындагы кемчиликтерди кетирип жаткандыгы белгиленди. Сүйлөгөндөр Азимбек Бекназаровду кызматка кайра коюну талап кылышып, талаптары аткарылбаса радикалдуу акцияларды баштаарын жана президент Курманбек Бакиевдин бийликтен кетүүсүн, эмки ыңкылапка ак түс менен чыгышаарын айтышты. Жаштар саясаты, спорт, туризм төрагасы Бектур Асанов менен облус жетекчиси Жусупжан Жээнбеков элди сабырдуулукка жана мыйзамды сыйлоого чакырышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG