Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Роза Отунбаева бийликке конструктивдүү оппозицияга өтүүнү көздөөдө


БИШКЕК. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева мындан ары азыркы бийликке оппозиция болоорун 28-сентярбда “Азаттыкка” берген маегинде билдирди:

- Биз эми оппозиция болобуз. Ар бир демокартиялуу мамлекетте конструктивдүү оппозиция болуш керек. Биз эми ошондой оппозицияны түзөбүз.

Роза Отунбаеванын айтымында, баш прокурор Азимбек Бекназаров кызматтан бошотулгандан кийин ал өзү жана дагы бир катар министрлер отставкага кетүүнү ойлошкон. “Мисалы,Бектур Асанов дагы мени менен катар кызматтан кетүүгө даяр болчу”, - дейт Роза Отунбаева. Бирок эл алдындагы жоопкерчилик, кышындагы газ көйгөйү өңдүү маселелер, ошондой эле бийликтин Бекназаровдун маселеси акыйкат чечилет, деген убадасы токтотуп калган. Роза Отунбаеваны министрликке парламенттен бекибей калышына коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун пикиринде, “Экс-президент Аскар Акаев бекеринен Роза Отунбаеваны 24-марттагы революциянын кыймылдаткычы” деп атаган эмес. Отунбаеванын активдүү саясий ишмердикке кайтып келиши коомго пайдалуу.

XS
SM
MD
LG