«НАСАнын айга учууну караган Аполлон программасынан баш тартып, Жер шарын гана айланып турган космос бекетин куруп, ага чөлмөк кемелерин учура башташы туура болгон эмес", - деп билдирди, НАСАнын жетекчиси Майкл Гриффин "ЮэсЭй Тудей" гезитиндеги маегинде. Чөлмөк кемелери учурула баштаган 1982-жылдан бери 14 астронавттын өмүрү кыйылды. Гриффин 19-сентбярда 13 жылдан кийин Кошмо Штаттары айга төрт астронавтты жиберээрин жарыялаган.